Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

"Италиялык" кыргыз балдарды издеп жатышат


Социалдык өнүктүрүү министрлиги 20 баланы асыроо үчүн Италия жарандарына берилген документтер боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө баштады.

Министрликтен “Азаттыкка” билдиришкендей, Бишкектеги балдар үйүнүн биринде багылып жаткан наристелерди италиялык ата-энеге берүү үчүн бардык документтер буга чейин даярдалып, соттун чечими да чыккан. Бул документтер жасалма болушу ыктымалдыгы да айтылууда.

Кыргызстандык 20 наристени италиялык ата-энелер асырап алганы жатат деген маалымат 31-январда социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов менен Италиянын Кыргызстан жана Казакстандагы элчиси Алберто Пиеринин жолугушуусунда капыстан белгилүү болду.

Элчи италиялыктар асырап алганы жаткан балдардын тагдырына кызыккан. Министрликтин өкүлдөрү бала асырап алуу арызы аларга түшпөгөнүн айтып чыгат. Бирок италиялык дипломат алардын алдына министрликтен алынган документтерди таштаган. Учурда бул документтер боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын министр Кылычбек Султанов “Азаттыкка” билдирди.

- Ким аркылуу билбейбиз, бирок бардык процедураларды өткөндөй кылып 20 ата-энеге министрликтен документ даярдалган. Биздин бир кызматкердин колун койдуруп алган, аны жасалма болсо керек деп ойлоп атабыз. Балдар үйүндө балдар менен жолугуп, аларды алып кеткенге даярдап жатышкан экен. Сот да болуптур, ошол баланы чет өлкөлүк ата-энеге берүү боюнча соттун чечими да болушу керек. Чет өлкөлүктөр тилди түшүнбөй эле ээрчип жүргөн окшойт, бирөө бул жер сот, бул жер мындай деп ээрчитип жүргөн да. Сотту да кадимкидей кылып өткөрүшкөн, ал чындап болдубу, ким катышкан, ким уюштурду - бул азырынча белгисиз. Азыр тиешелүү органдар иштеп атат деген маалыматты уктум.

Султановдун маалыматы боюнча, италиялык ата-энелерге асыроого берилет деген 20 наристе Бишкек шаарындагы атайын балдар үйүндө тарбияланууда. Алардын кээ биринин ата-энелери бар, айрымдарын кыргызстандык ата-эне асырап алса, бирөө Америкага асыроого берилген.

Аталган балдар үйүнүн жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Гүлжан Ашымова балдар эч жакка берилбегенин, 20 бала тууралуу да маалыматы жоктугун кабарлады.

- Балдардын бардыгы эч жакка кеткен жок, бардыгы ордунда. Чоңойгон балдардын бардыгын Беловодскидеги балдар үйүнө котордук. Эмне эле ызы-чуу болуп жатат?

"Азаттык": Убагында Италиядан ата-энелер келип, балдарды көрүп кетти беле?

- Жайында бир келип кетсе керек. Бирок эч ким, эч жакка берилген эмес. Эгер биз балдарды берсек анда балдарды караган бөлүмдүн кабары болуш керек эле да.
Ушул маселе боюнча Италиянын Бишкектеги консулдугуна чалып, комментарий ала алган жокпуз.


Буга чейин кыргызстандык балдарды чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүүдө коррупциялык иштер болгону белгиленип, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери камакка жатып чыгышкан эле. Андан сырткары кыргызстандык наристелердин органын алуу бизнеси күч экени да журт ичинде сөз болуп жүрөт.

Министр Султанов эгер бул документтердин жасалма экени далилденсе, анда эл оозунда айтылып жүргөн аңыз кеп жарым-жартылай далилденгендей эле болот деп кооптонууда.

- Менин чочулаганым - жарандар буга чейин биздин балдарды жасалма документтер менен асыроого жана дене мүчөсүн алыш үчүн чыгарып кетип атышат деп айтып жүрүшкөн эле. Эгер ушуну эске алсак, бул мүмкүн болгон нерсе. Балким бул Кыргызстанда толук иш алып барган, сотпу, милициябы, коопсуздук кызматыбы - бүт жактан байланыш тапкан, жол-жобосун иштеп чыккан, баары аралашкан чоң мафиядыр.

Балдар укугун коргоочу Айзат Көкүлованын белгилешинче, жалпы эле эл аралык бала асыроо маселесин бейөкмөт уюмдар гана эмес, Социалдык өнүктүрүү, Ички иштер министрликтери жана башка мекемелер бирге иликтөө жүргүзүшү керек.

- Бардыгы таптаза болуп, жол-жоболор ишке ашып жатса, мындай кеп чыкпайт болчу. Баары бир мыйзамды бузуп, балким чет өлкөгө сатып жатышабы билбейм. Анткени муну асырап алуу деп айтууга болбойт. Асырап алууга берүүнүн өз жол-жобосу болот. Эч ким канча бала чет өлкөгө чыгып кеткенин иликтеген жок.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бул окуя боюнча аларга арыз түшпөгөнүн, бул багытта иликтөө да жүргүзүлбөй эле турганын “Азаттыкка” белгиледи.

Өткөндө Социалдык өнүктүрүү министрлиги даярдаган эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү жобо долбоорун Өкмөт аппараты четке каккан. Ага бир катар бейөкмөт уюмдар аталган жободо коррупциялык тобокелдик бар деп, аны бекитүүгө каршы чыгышкан эле. Эгер 20 бала тууралуу документ жасалма экени, коррупциялык иштер болгондугу аныкталса, анда эл аралык асыроо маселесинен кезектеги чуу чыгат.
XS
SM
MD
LG