Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Алтынга келген Аткинсон

"Центерра Голддун" президенти Ян Аткинсон (солдо) Кумтөрдө, 7-июль 2012

Кумтөр боюнча сүйлөшүү үчүн Бишкекке “Центерра голд инктин” президенти Ян Аткинсон келди.

13-февралда башталган сүйлөшүүлөр “Кыргызалтында” жүрүп, ага кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү катыша элек.

Кыргыз өкмөтү “Центерра голд инк” менен сүйлөшүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган топту түзгөн. Бирок Ян Аткинсон менен бул топ сүйлөшүүгө отура элек. Бул тууралуу топтун мүчөсү, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Ишембай Чунуев “Азаттыкка” маалымдап, азырынча сүйлөшүүлөр “Кыргызалтын” менен “Центерранын” ортосунда жүрүп жатканын белгиледи.

Маалыматка караганда, адегенде “Центерранын” акционерлери Темир Сариев башында турган комиссиянын корутундусуна карата кандай позицияда болууну тактап, андан кийин кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө чыгыш керек.
Мына ошондуктан “Кыргызалтын” “Центеррадагы” Кыргызстандын 33% акциясынын кармоочусу катары “Центерранын” жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. “Кыргызалтын” азырынча сүйлөшүүлөр боюнча эч кандай маалымат бере албасын билдирди.

Ишембай Чунуевдун айтымында, “Кыргызалтындагы” сүйлөшүүдө “Центерранын” бардык акционерлерине Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын корутундусун жеткирүүгө аракет жасалат:

- Ошону акционерлерге жеткириш керек. Ал англис тилине которулган. Эми аны акционерлерге жеткириш керек. Алар окуп чыгышсын. Анан жыйналыш өткөрүлүш керек. Алардын дагы укуктарын бузбаш үчүн, мына мындай иштер болуп калды, 2009-жылдагы келишимди карап чыгуу, же бузуш керектиги түшүндүрүлүш керек.

Чунуев Жогорку Кеңештин үч комитети 2009-жылкы келишимди бузуу тууралуу чечимди кабыл алганын кошумчалай кетти.

“Центерра голд инктин” маалымат кызматынын өкүлү Сергей Дедюхин Ян Аткинсон мырза кыргыз жетекчилиги менен жолугушууга даяр дейт:

- “Центерранын” президенти бул жерде. Ал ар кандай жолугушууларга даяр. Эми аны менен жолугушуу өкмөт башчы жана өкмөткө байланыштуу.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов Ян Аткинсон менен өкмөт башчы эмес, Жоомарт Оторбаев башында турган топ жолугушуусу мүмкүндүгүн билдирди. Өз кезегинде Жоомарт Оторбаев “Центерранын” Бишкекке келген жетекчиси менен жолугушпай турганын маалымдады.

Ошентип Ян Аткинсонду кабыл ала турган өкмөт мүчөсү болбой турат. Баары четтешүүдө. Ал эми кенди Кыргызстанда жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык иштетүү жана салыктарды төлөө сунушталганын Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Ишембай Чунуев белгиледи.

Эгер Кумтөр жаңы мыйзамдар менен иштесе, салыкты көбүрөөк төлөй башташ керек.

Кумтөр: эрип бараткан мөңгү

Эрип бараткан Давыдов мөңгүсү
1/17 Эрип бараткан Давыдов мөңгүсү
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кенди көздөй жылган мөңгү
2/17 Кенди көздөй жылган мөңгү
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кумтөр алтын кенине кеткен жол
3/17 Кумтөр алтын кенине кеткен жол
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кен казуу үчүн мөнгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет.
4/17 Кен казуу үчүн мөнгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет.
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кен казуу үчүн мөңгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет
5/17 Кен казуу үчүн мөңгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Иштелип чыккан топурак мөңгүгө аралашып жатат
6/17 Иштелип чыккан топурак мөңгүгө аралашып жатат
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Иштелип чыккан топурак мөңгүгө аралашып жатат
7/17 Иштелип чыккан топурак мөңгүгө аралашып жатат
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Иштелип чыккан топурак мөнгүгө аралашып жатат
8/17 Иштелип чыккан топурак мөнгүгө аралашып жатат
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кенден чыккан суу жер астына кирүүдө, экологдор бул суу кийин бир жерден булак болуп чыгышына тынчсызданат.
9/17 Кенден чыккан суу жер астына кирүүдө, экологдор бул суу кийин бир жерден булак болуп чыгышына тынчсызданат.
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кумтөр алтын ишканасы
10/17 Кумтөр алтын ишканасы
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Көлөмү 60 млн. куб метр кен калдыктарын сактоочу жай.
11/17 Көлөмү 60 млн. куб метр кен калдыктарын сактоочу жай.
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Көлөмү 60 млн. куб метр кен калдыктарын сактоочу жай
12/17 Көлөмү 60 млн. куб метр кен калдыктарын сактоочу жай
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
13/17 Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
14/17 Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кен казуу үчүн бир тоону тегиздешти
15/17 Кен казуу үчүн бир тоону тегиздешти
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кумтөр компаниясынын башчысы Майкл Фишер менен Кыргызстандын экономика министри, Кумтөрдөгү абалды иликтөочү мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев.
16/17 Кумтөр компаниясынын башчысы Майкл Фишер менен Кыргызстандын экономика министри, Кумтөрдөгү абалды иликтөочү мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев.
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү.
17/17 Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү.
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерген комиссия 9-октябрда ишкананын азыркы абалы менен таанышып кайтты. Бул топ кендеги экологиялык абалга өзгөчө маани берди. (Бурулкан Сарыгулованын фотобаяны)
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG