Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Орусиянын жабык жайларында кыргызстандыктар көбөйүүдө


Ушул тапта Орусиянын жаза өтөөчү жана убактылуу камоочу жайларда эки миңден ашуун кыргызстандык жарандар камалып турушат. Алардын ичинде 170 чамалуу кыз-келиндер бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяз Карагулов билдирди. Орус күч кызматтары тарабынан кылмыш жасады деп айыпталып жаткан кыргызстандыктар негизинен уурулук, тоноо, каракчылык, алдамчылык, жалган документ менен жүргөнү үчүн жана зордуктоо үчүн шектелип камалышкан. Юристтин айтымында, Орусиянын жаза өтөөчү жана убактылуу камоочу жайларында отургандардын басымдуу бөлүгү РФ Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча, т.а. жасалма документтер менен жүргөнү үчүн айыпталышкан.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Орусияда 300 миңден ашуун кыргызстандык жаран эмгек миграциясында жүрүшөт. Ал эми такталбаган маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч дээрлик үч-төрт эсеге көп. (ZKo)

XS
SM
MD
LG