Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

ИИМ концепциясы коомчулук талкуусуна коюлууда


“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси эртең, 26-февралда Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча концепциясын Жалал-Абадда коомчулук талкуусуна коёт. Андан соң, мындай талкуу Ош жана Батенде уланмакчы. Аталган бирикменин өкүлү Урмат Казакбаев ушундай эле иш-чаралар буга чейинТалас, Ысык-Көл жана Нарында өткөнүн “Азаттыкка” маалымдады.

Активисттер сунуштаган концепцияда коомго жакыныраак болуш үчүн милицияны полиция кылып өзгөртүп, аны жарандык адам башкарыш керек деген жобо жазылган. Ошондой эле ИИМ кызматкерлеринин баарын убактылуу кызматтан четтетип, аттестациядан өткөрүп, иргеп алуу каралган.

2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт күч органдарын реформалоону максат кылган. Мурунку премьер Өмүрбек Бабанов тартип коргоо органдарын тазалоону МАИ кызматкерлеринен баштайм деп сөз берип, бирок аягына чыкпай калган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG