Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жапонияга иш сапары бүгүн башталат


Эки күндүк расмий сапардын алкагында мамлекет башчы Жапониянын императору Акихито жана императрица Митико менен жолугушмакчы. Андан тышкары жапон премьер-министри Синдзо Абэ жана парламенттин Өкүлдөр палатасынын спикери Бунмэй Ибуки менен кездешүүсү күтүлүүдө.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Синдзо Абэ биргелешкен билдирүүгө кол коюшат. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкө башчысынын иш сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп, Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы пайдалуу кызматташтык үчүн жаңы келечектерди ачмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын борбору Токиого кечээ учуп барган.
Кыргызстан менен Жапониянын дипломаттык кызматташтыгы 1992-жылы башталган.

Өткөн жылы Кыргызстанга Жапониядан 215,5 млн. долларлык товар импорттолгон, анын басымдуу бөлүгү - машинелер. (ZKo)

XS
SM
MD
LG