Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Орусиялык баланы асырап алган үй-бүлөсү аны өлтүрбөгөнүн адвокаты айтып чыкты


Өткөн айда Техас штатында набыт болгон орусиялык асыранды бала Макс Шэттонун өлүмүнө анын асыроочу ата-энесинин күнөөсү жок экенин айтты адвокат. Жергиликтүү Odessa American гезитине үй-бүлөнүн ишенимдүү өкүлү Майкл Браун “баланы асыроочу ата-эне өлтүргөнү тууралуу далил жоктугун” айтып, ошондой эле жубайлар “киши өлтүрүүчү” деген СМС кабарларды алып жатышканын, бакма баланын өлүмү үй-бүлөнү өтө оор абалда калтырганын кошумчалады.

Үч жаштагы Макс Шэтто же орусиялык Максим Кузмин 21-январда белгисиз шартта өлгөн. Орус бийлиги баланын өлүмүнө анын асырап алган энесин айыптап, орусиялык балдарды америкалык жарандардын асырап алуусуна каршы мыйзамын бекемдеди.

Техастын бийлиги наристенин өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатканын, азырынча кылмыш иши козголбогондугун маалымдады.

XS
SM
MD
LG