Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Филиппин сириялык эрегишчилерден БУУнун аскерлерин бошотууну талап этти


Филиппин сириялык козголоңчулардын Улуттар Уюмунун бейпилдикти сактоочу күчтөрүнө кызмат кылган 21 филиппиндикти барымтага алуусун катуу сындады жана аларды тезинен койо берүүнү талап кылды. Филиппиндик жоокерлер кечээ Сирия менен Израилдин ортосундагы Голлан дөңсөөсүндө кызмат өтөп жүргөндө “Ярмуктун азаптуулары” деген топ туткунга алган. Адаватчылар YouTube аркылуу жасаган видеобилдирүүдө Сириянын өкмөттүк күчтөрү Голлан кыштагынан чыгып кетмейинче, филиппиндик жоокерлер бошотулбасын эскертти. Филиппиндин Тышкы иштер министрлиги аскерлерди аман-эсен бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын маалымдады.

Улуттар Уюму бейпилдик күчтөрү Голлан тилкесине 1974-жылы Израил-Сирия ортосундагы ок атышуулар токтогондон кийин жайгаштырылган. Анын курамында азыр филиппиндик 300 аскер бар. Өткөн аптада Хорватия жоокерлеринин коопсуздугуна тынчсызданып, Голландан өз аскерлерин чыгарып кетээрин жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG