Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:00

Азербайжанда жаш активисттер кармалды


Кармоолор оппозиция активисттери 10-мартта нааразылык митингин өткөрөрүн жарыялагандан кийин болду.

“Азаттыкттын” азери кызматы кабарлагандай, полиция борбор Бакуда Бахтияр Кулиев, Сахин Новрузов ысымдуу эки активистти алардын үйүнөн маңзат жана жардыруучу зат табылды деген айып менен кармады. Ал эми Махмаммад Азизов ысымдуу үчүнчү активист кечээтен бери дайынсыз.

Бул аралыкта бүгүн Азербайжандын экинчи ири шаары - Гянджанын соту оппозиция активисти, “Мусават” партиясынын мүчөсү Махир Байрамлини беш жылга түрмөгө кести. Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин жубайы кабарлады. (UE)

XS
SM
MD
LG