Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Rodong Sinmun: Пхеньян согушка даяр


Түндүк Кореянын Rodong Sinmun гезити жекшембидеги санында АКШ менен Түштүк Кореяга каршы өлкө согушка бардык күч менен ресурстарын жумшап, даяр тургандыгын жазып чыкты. Басылма "түндүк кореялык куралдуу күчтөрдүн стратегиялык ракеталык бөлүктөрүнүн даярдыгы күч, чабуулду баштоого буйрукту гана күтүп турат", - деп жазды.

Соңку кезде Корей жарым аралында кырдаал курчуду. БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүүгө чечим кабыл алды. Пхеньян болсо Түштүк Кореяга кол салбоо тууралуу келишимдерди буза тургандыгын билдирип, коркута баштады. Ошондой элеТүндүк Кореянын жетекчилиги “душмандарына” ядролук сокку ура тургандыгын дагы жар салган.

Ал ортодо Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен аскерий машыгуулары бүгүн башталаары кабарланган.

XS
SM
MD
LG