Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Австрия президенти жемкордукту жоюунун жолун сунуштады


Австрия президенти Хайнц Фишер премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Бишкектеги бүгүнкү жолугушуусунда Кыргызстанды Коррупцияга каршы эл аралык академия мүчө болууга чакырды. Фишер Австрияда жайгашкан бул академияга мүчө болуу жемкордукту жоюуда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи. Ошондой эле парламенттик башкаруунун да өз кыйынчылыгы бар экенин айтып, тоскоолдуктарды ашып өтүүгө үндөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Австрия президенти Хайнц Фишер эки күндүк расмий сапары менен кечээ Бишкекке келген. Ал 2010-жылы бийлик алмашкандан бери Кыргызстанга келген Европанын алгачкы өлкө башчысы болуп калды. (KKs)

XS
SM
MD
LG