Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Өкмөт аппаратында кыргыз тили үйрөтүлө баштады


Өкмөт аппаратындагы мамлекеттик тилди билбеген кызматкерлер бүгүндөн тарта кыргыз тилинен сабак ала башташты. Бул аракет өкмөттүн 5-марттагы мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин үйрөтүп, иш өндүрүшүн мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча токтомунун негизинде ишке ашууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, курска катышам деген кызматкерлер тилди билүү деңгээли боюнча атайын топторго бөлүнүп, тиешелүү окуу материалдары менен камсыз болушат. Бирок өкмөт бул аракет айрым маалымат каражаттары жазгандай, орус тилинен толугу менен баш тартууга жатпай турганын эскертүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG