Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

Колсуз шектүү террорист жаңы протезге ээ болду

АКШ бийликтери Нью-Йоркто терроризм кинеси менен сотту күтүп жаткан мусулман диниятчыга жаңы жасалма кол салдырды. Абу Хамза ал-Масринин адвокаттары билдиргендей, ал жаңы протезге көнө албай жатат. Ал-Масри Британиядан былтыр октябрда депортациялагандан кийин анын темир илмек түрүндөгү протези конфискацияланган болчу. Египетте туулган диниятчы Орегон штатында экстремисттик террордук лагерди ачуу аракети менен "ал-Каидага" материалдык жардам көрсөткөн деп айыпталууда. Өзү бул кинени мойнуна алган эмес. Соту бир жылдан кийин башталууга тийиш.
XS
SM
MD
LG