Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Бишкектин бюджети боюнча коомдук угуу өтөт


Бүгүн Бишкек шаарынын бюджети боюнча шаардык кеңеште угуу болот. Буга чейин бюджеттик угуу борбор калаанын төрт районунда жашоочулар, бейөкмөт уюмдарынын катышуусу менен өткөн. Угууга шаардык кеңештин профилдик комитеттери катышып, толук маалыматтар айтылат. Бишкектин өткөн жылдагы бюджети 6 миллиард 200 миллион сомдон ашык болгон.

Шаардык кеңештин акыркы кезексиз жыйынында Бишкектин карызы 1 миллиард 200 миллион сомдон ашык экени айтылган.

Азыркыга чейин борбор калаанын 2013-жылкы бюджети бекитиле элек. Муну шаардык кеңештеги оппозициялык фракциялар сынга алып, мэр Иса Өмүркуловдун кийлигишүүсүнүн негизинде бюджет бекитилбей жатканын айтып чыгышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG