Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

ЖК оппозициясы башкаруучу коалицияга жооп бере элек


Парламенттеги саясий өнөктөштүк жөнүндөгү келишим долбооруна оппозициялык коалиция бир апта ичинде жооп бериши мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясынын төрагасы, депутат Феликс Кулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Куловдун айтымында макулдашуунун долбоору “Акыйкаттык жана мыйзамдуулук” коалициясынын төрагасы, депутат Мыктыбек Абдылдаевдин кароосуна бир ай мурда берилген жана ал саясий диалог маданиятын калыптоо максатын көздөйт.
Долбоорго саясий күрөштө өлкөнүн эгемендигине, биримдигине, демократиялык принциптер менен көп кырдуу көз караштарга артыкчылык берүү жана бийликти мыйзамсыз басып алууну, Конституциялык түзүлүштү кулатуу чакырыктарын колдобоо өңдүү жоболор киргизилген.Келишим долбоору боюнча оппозициялык фракциялар өз пикирлерин ачыкташа элек. Келишим эки коалиция жетекчилери кол койгон шартта күчүнө кирет.(BuS)

XS
SM
MD
LG