Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кара-Сууда жашы жете элек кызды ала качкан жигит сурак берүүдө


Кара-Суу районунун Нариман айылынын 23 жаштагы тургуну жашы жете элек кызды ала качканы үчүн райондук милициянын кызматкерлерине сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, 21-март күнү "А.И." аттуу жаран үйлөнөм деген максат менен 16 жаштагы айылдашы "М.З.ны" ала качкан. Кыздын апасынын арызынын негизинде 23-март күнү окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Былтыр жыл соңунда Жогорку Кеңеш кыз ала качкандарга жазаны күчөтүү боюнча Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, кыз ала качуу адам уурдоо катары бааланып, кыз уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылууга тийиш. (SE)

XS
SM
MD
LG