Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Республикалык олимпиадада Бишкектин окуучулары мыкты аталды


Бүгүн Бишкекте мектеп окуучулары арасындагы республикалык олимпиада жыйынтыкталды. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, онго чукул предмет боюнча эки күнгө созулган сынакта биринчи орунга Бишкек шаарынын, экинчиге Ош шаарынын, үчүнчү орунга болсо Жалал-Абад облусунун окуучулары ээ болушту. Олимпиаданын соңку этабына жети дубан жана Бишкек, Ош шаарларынын мыктылары аталган 322 окуучу катышты. Бул сынактын жыйынтыгы менен химия, физика, математика, биология жана информатика сабактары боюнча эл аралык олимпиадага катышчу окуучулар да аныкталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG