Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Березовскийдин Кыргызстандагы изи


Борис Березовский Лондон сотунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Борис Березовский Лондон сотунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Лондондо каза тапкан орус олигархы Березовский учурунда Кыргызстанга жашыруун келип кеткени тууралуу кеп тараган.

Орусиянын айтылуу байларынын бири Борис Березовский өткөн ишембиде Британияда таң калыштуу жагдайда каза тапты. Акыркы маалыматтар боюнча, ал муунуудан өлгөн. Криминалисттер эми Березовскийди бирөө муунтканын, же өзүн-өзү асып алганын аныктоого тийиш. Орус олигархынын Кыргызстанга жашыруун келип кеткени, алтын кендерине көз артканы тууралуу учурунда уу-дуу кептер чыккан болчу.

Түкшүмөл жараткан жагдайлар

Борис Березовкийдин өлүмү боюнча табышмактуу жагдайлар көбөйдү. Адегенде ал өз жанын өзү кыйганы, ага финансылык, үй-бүлөлүк кыйынчылыктар себеп болгону айтылган. Эми ал каза тапкан жуунучу бөлмөдө шарф табылып, ал муунуп алган же муунтулуп өлтүрүлгөн деп божомолдоно баштады.

Мунун алдында Березовский акыркы убакта Орусияга келүүнү самап, президент Владимир Путинге кат жазганы кабарланды. Владимир Жириновскийдин сөзү боюнча, Березовский Литвиненконун өлүмү боюнча да чындыкты айып, орус жетекчилигин шектен арылтууга макул болгон. Березовский бул максаттарын ишке ашырса, анда Литвиненконун өлүмү боюнча жаңжал ого бетер тутанып, Британия жана башка батыш өлкөлөрүнө шек кетиши мүмкүн эле. Ошондуктан олигархтын өлүмү түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Кыргызстан менен Березовкий учурунда мамлекеттик кызматкер катары да, ишкер катары да байланышта болгон. Бирок ишкер катары байланышканын далилдөөчү документ Кыргызстанда табыла элек.

Мамлекеттик кызматтагы ишине келе турган болсок, Борис Березовский Ельциндин тушунда КМШнын аткаруучу катчылыгынын төрагасы катары Кыргызстанга келип кетип жүргөн. Бул 1998-1999-жылдары болгон.

Дал ошол мезгилде Ак-Түздөгү кен жана комбинатты израилдик “Силвер голд” компаниясы иштете баштаган. Ал компаниянын артында Борис Березовский турганын Орусиянын атайын кызматтары маалымат каражаттарына чыгарган.

Березовский Бакиевдер менен байланышта болгонбу?

Борис Березовскийди Жерүй алтын кени менен, тагыраак айтканда 2006-жылы Жерүй алтын кенин алган “Глобал голд” компаниясы менен байланыштырып келет. Бул компания орус ишкерлерине таандык экени маалым. “Глобал голддун” Жерүйгө келиши менен Березовский Кыргызстанга жашыруун келип-кетиптир деген ызы-чуу көтөрүлүп, парламенттик иликтөөлөр жүргөн.

Ошол кездеги депутат Улукбек Ормонов иликтөөлөр далил тапкан эмес дейт:

- Парламентте Березовский келиптир, бирок аты-жөнүн каттатпаптыр деген ызы-чуу чыккан. Бирок ал тастыкталган эмес.

Кыргызстан геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Наби Эшназаров “Глобал голддун” артында Березовский турат деген сөздөр айтылып, бирок анын далили болбогонун айтат::

- Эми аны далилдеп айтыш кыйын. Ошондой сөздөр болгон. Бирок аны документтер менен айтыш кыйын. Анткени ал жерде анын эч кандай фамилиясы же башка нерсеси жок.

Березовскийдин Кыргызстанга келиши боюнча ызы-чууну мына ошол кездеги Курманбек Бакиевдин оппозициясы көтөргөн. Бул оппозиция Бакиевге сокку уруу үчүн оңтойлуу жагдай болгон. Анткени ал мезгилде Березовский орус бийлиги менен тил табыша албай Британияга жер которуп кеткен.

Бакиевдердин Березовский менен байланышынын бетин ачуу менен, оппозиция бир жагынан Москваны Бакиевден алыстатууну көздөсө, экинчи жагынан Березовскийдин терс образы менен кыргыз калкына Бакиевдерди жек көрүндү көрсөткүсү келген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG