Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Чүй облусунун айрым айылдарында сел жүрдү


Аламүдүн районунун Подгорное айылында кечээ жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, жүзгө жакын үйдүн чарбагын жана там аркаларын суу каптады. Жалпы 15 үйдүн ичине сел суусу кирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сел болгон аймакка министр Кубатбек Боронов жетекчилик кылган ыкчам топ барып, түнү менен тамдарды каптаган суу сордурулуп бүттү. Азыр Аламүдүн райондук жарандык коргоо комиссиясы жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Кечээки жамгырдан Чүй районунун Ибраимов айыл аймагындагы Бурана суусунун көлөмү көтөрүлүп, Жаңы-Жол жана Дөң-Арык айылынын ортосундагы көпүрөдөн ашып, ички чарбалык жолду каптаган. Аймакка атайын техника тартылып, көпүрө менен жол тазаланып бүттү. (KKs)

XS
SM
MD
LG