Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүү аракети жандатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты. Буга 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Максим Бакиевге карата чыгарылган өкүмү негиз катары каралат.

26-мартта райондук сот 2007-2008-жылдары Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионатына тиешелүү тогуз гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана “Түндүк электр” ишканасынын мамлекеттик акцияларын арзан сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыраткан.

2010-жылдын апрель окуяларына чейин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеген Максим Бакиев былтыр октябрь айында АКШнын өтүнүчү менен Лондондо кармалып, кайра күрөөгө бошотулган. Анын экстрадициялоо боюнча кийинки соттук иш ушул жылдын май айына белгиленген.(BkA)

XS
SM
MD
LG