Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Иманалиев: Соттор жемкорлорду калкалап жатат


Кыргызстанда эки айдын ичинде укук коргоо органдары коррупцияга шектелген он жетекчини кармаса, соттор алардын сегизин тил кат менен үй камагына чыгарып, айрымдарын актап жиберди. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Ал коррупцияга каршы күрөштү айрым соттордун “чыккынчы позициясы” кечеңдетип жатканын белгиледи.

Иманалиев өлкө президентине, парламенттеги фракция жетекчилерине кайрылып, сот реформасын аягына чыгарууга чакырды. Ошондой эле соттордун ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам иштеп чыгып, кызматына төп келбеген судьяларды кайра чакыртып алууну сунуштады. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG