Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Шашылыш билдирүү: үшүк жүрөт


Кыргызгидромет агенттигинен билдиришкендей, 31-март менен 1-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт. Жаан жаап, айрым аймактарда карга айланышы мүмкүн, тоолорго кар түшөт. 2-3-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда үшүк жүрөт. Бишкек-Ош (121-137 чакырым, 198-265 чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 чакырым, 145-150 чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 чакырым) тоолуу автожолдорунда кар көчкү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

31-мартта түнкүсүн жаан жаабайт, таңкысын жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17,
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16,
Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 3…8 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 12 …17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,
Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 жылуу болот

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз нөшөрлөп жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 14...16 градус жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG