Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

ЖК комитети журналист менен депутаттын чырын талкуулайт


Бүгүн парламенттин регламент жана этика боюнча комитети депутат Турсунбай Бакир уулу менен “Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исраиловдун араздашуусун карайт. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, анда комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева баяндама жасайт.

Февраль айынын башында журналист Исраилов Бакир уулу иш бөлмөсүндө ага кол көтөргөнүн айтып чыккан. Депутат мындай кадамга социалдык тармактын бириндеги талкуу учурунда кайым айтышууга чычалоодон улам барган деп билдирген.

Бакир уулу болсо журналисттин дооматын четке кагууда. Депутат жаран катары пикирин билдирүүгө укугу бардыгын, Исраилов кыргыз элин кемсинткенин, ага кол көтөрбөгөнүн билдирип келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG