Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

БУУнун Башкы ассамблеясы курал соодасын тескеген келишимди жактырды


Добуш берүүдө дүйнөнүн курал соодасын тескеген туңгуч келишимди 193 өлкөнүн 154ү колдоду, үчөө каршы чыкты. Сирия, Түндүк Корея, Иран өткөн аптада да келишим консенсус жолу менен жактырылышына тоскоолдук кылышкан эле. Арасында Орусия да бар 23 өлкө Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө калыс калышты.

Курал-жарак чек аралардан чыгарылганда терррорчулардын, козголоңчулардын, кылмышкерлердин колуна түшүп калышына жол бербөөнү көздөгөн эл аралык келишим долбоору акыркы он жылдан бери талкууланып келген. Эми ал күчүнө кириш үчүн кеминде 50 өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификацияланыш керек.

Документ курал-жарактын кайсы бир өлкө ичинде колдонулушун тескебейт, бирок өкмөттөрдөн куралдын колго-колго өтүшү боюнча улуттук эреже киргизүүнү талап кылат. (UE)

XS
SM
MD
LG