Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Апрел ыңкылабынын катышуучулары үчүн көп кабаттуу үй курулат


Бүгүн Бишкектеги Туңгуч кичи районунда Апрел ыңкылабы учурунда каза тапкандардын жакындары жана жабыркагандар үчүн 9 кабаттуу үйдүн пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. Пайдубалды түптөө аземине президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов катышты.

Бул 135 батирлүү үйдүн курулушунун баасы 155 миллион сом деп бааланууда. Ал үчүн азырынча 10 миллион сом бөлүндү, кийин дагы бөлүү каралууда. Үйдүн курулушу 2014-жылга чейин бүткөрүлүп, апрел ыңкылабынын катышуучулары түзгөн "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" бирикмелеринин өкүлдөрүнө берилет.

Мэриядан кабарлашкандай, ушул мезгилге чейин Бишкекте Апрел ыңкылабынын каза тапкандардын жакындары жана жабыркагандар үчүн төрт 9 кабаттуу үй бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

XS
SM
MD
LG