Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Кытай элчиси Улуттук университетке барат


Кытайдын жаңы элчиси Ци Даюя бүгүн Кыргыз мамлекеттик улуттук университетке барат. Аталган окуу жайдын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, анда окуу жайдын жамааты жана студенттери менен жолугат. Конфуций жана кыргыз-кытай институттарынны иши менен таанышат. Кызматташууну өнүктүрүү, ар тараптуу колдоо маселелери талкууланат. Учурда университеттин 200дөй студенти Кытайда билим алып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG