Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Бишкекте жазуучу Мухтар Ауэзов эскерилди


Бүгүн Бишкекте казак жазуучусу Мухтар Ауэзовду эскерүү иш-чаралары өттү. Анын алкагында Бишкектеги анын ысымын алып жүргөн көчөдө эстелик тактасы орнотулду. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде эскерүү кечеси уюштурулуп, шаардагы Эмен сейил багында Ауэзовдун эстелигине гүлчамбар коюлду.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов, Ауэзовдун уулу Мурат Ауэзов, жазуучулар, окумуштуулар жана студенттер катышты.

Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов кыргыздардын “Манас” эпосун иликтөөгө чоң салым кошкон.

XS
SM
MD
LG