Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Президент Атамбаев Британ элине көңүл айтты


Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу британ элине көңүл айтты. Мамлекет башчысы “тайманбас лидерлиги менен элине, бүтүндөй дүйнө коомчулугуна кызмат кылгандыктан, баронесса Тэтчер дүйнө жүзүндө зор урматтоого жана кадыр-баркка ээ болгондугун” белгилейт. “Тэтчердин жаркын элеси биздин жана болочок муундун эсинде түбөлүккө сакталат”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Британиянын алгачкы аял премьер-министри Тэтчер кечээ 87 жаш курагында оорудан дүйнө салган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эмки шаршемби, 17-апрелде Лондондогу Ыйык Павел чикрөөсүндө өтмөкчү. (АА)

XS
SM
MD
LG