Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

Бишкектеги жарылуудан эки адам каза тапты


Бүгүн кечке жуук Бишкектин Ленин районундагы Космический көчөсүндө жарылуу болуп, андан эки адам каза тапты. Бул маалыматты “Азаттыкка” Бишкек шаардык милиция башчысы Мелис Турганбаев тастыктады.

“Алдын ала маалымат боюнча снаряд экен. Эки адам аны араалап жатканда жарылыптыр. Атайын уюштурулган эмес. Жанында дагы эки снаряд турат. Аны араалап, металлга өткөрөбүз деп, бир жылдары да ушундай окуя болгон”,-деди Турганбаев.

Азыр кандай снаряд жарылганы жана анын кайдан келгени такталып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG