Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

АКШ Магнитскийдин иши боюнча “кара тизмени” жарыялайт


Анда Орусияда тергөө абагында каза болгон адвокат Сергей Магнитскийдин ишине тиешеси бар делген орусиялык аткаминерлердин аты-жөндөрү жарыяланат. Өткөн жыл соңунда АКШ Конгресси кабыл алган “Магнитский мыйзамына” ылайык, аты атала турган орусиялык аткаминерлерге каршы финансылык жана визалык санкциялар киргизилет.

Москва болсо Вашингтондун бул кадамына жооп иретинде Орусияга келүүгө тыюу салынган америкалыктардын тизмесин жарыялай тургандыгын билдирди.
«Коммерсантъ» гезити Кремлдин тизмесинде 114 киши бар экенин жана ал америкалыктар өз тизмесин жарыялар замат ачыкка чыгат деп жазып чыкты.

Орусиялык юрист Сергей Магнитский салык төлөөдөн баш тарткан деп 2009-жылы Москвадагы тергөө абагына камалып, ошол жерден каза тапкан.

XS
SM
MD
LG