Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Былтыр дүйнөдө аскердик чыгым азайды


Соңку он жылдан ашык убактан бери былтыр курал-жаракка кеткен чыгым 0,5 пайызга азайды. Бул тууралуу Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун (SIPRI) жаңы баяндамасында айтылат. Ага ылайык, АКШда аскердик чыгым 2012-жылы 6 пайызга азайган. Вашингтон бирок дагы эле дүйнөлүк курал-жарак соодасынын 40 пайыз үлүшүн ээлейт. Европадагы НАТОнун мүчөлөрүндө да коротулган каражат 10 пайызга кемиген.

Ошол эле учурда курал-жаракка кеткен чыгым Орусия менен Кытайда өскөн. Бээжин 7,8, ал эми Москва 16 пайызга көбөйткөн. SIPRI эл аралык коопсуздук, куралдануу маселелерин иликтейт. (EBM)

XS
SM
MD
LG