Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

ЖККУнун Туруктуу кеңешинин мүчөлөрү Канттагы аскерий базага барышты


Бүгүн Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинин эки күндүк көчмө жыйыны башталды. Анын алкагында, бүгүн уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа баш болгон Туруктуу кеңешинин мүчөлөрү ЖККУнун Канттагы аскерий базанын даярдыгы менен таанышты. Кыргызстан тараптан Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев, вице-премьер-министр Шамил Атаханов, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев катышты. Анда уюм карамагындагы СУ-25 үлгүсүндөгү учактар асмандагы көнүгүүлөрдү көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, быйыл алгач ирет өтүп жаткан эки көчмө жыйында чек арадагы коопсуздукту биргелешип камсыздоо, уюмдун аскердик карым-катнашын чыңдоо маселелери талкууланат.

ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Аталган аскердик-саясий уюм 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет - Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус мүчө. Өзбекстан былтыр уюмдан чыгып кеткен болчу. (BkA\ZB)

XS
SM
MD
LG