Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Жохар Царнаевге ырасмий айып тагылды


Бостондогу марафондо бомба жардырды деп шектелген Жохар Царнаевге массалык кыргын салчу куралды пайдаланды деген айып тагылды. Эгерде 19 жаштагы Царнавдин күнөөсү тастыкталса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы этимал. Федералдык бийликтин өкүлдөрү айыптоону оор жарадар болуп ооруканада жаткан айыпталуучуга дүйшөмбү күнү окуп берди.

Ак үйдүн маалым катчысы Жей Карней: "Ага душмандын жоокери катары мамиле жасалбайт. Биз бул террорчуну жарандык сот системасында соттойбуз. АКШнын мыйзамына жараша, Кошмо Штаттардын жараны аскерий трибуналда соттолбойт. Биз 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин федералдык сот системасында жүздөгөн террорчуларды соттоп, эркинен ажыратканыбызды эсте тутканыбыз маанилүү",- деп билдирди.

АКШлык эки ырасмий өкүлдүн билдиришинче, алдын ала далилдер боюнча, бир тууган Царнаевдердин кыянаттыкка баруусуна диний экстремизм түрткү болгон. Ага-инилер үч адамды өлтүрдү жана 170тен ашык адамды жарадар кылды деп айыпталууда. Жохардын агасы Тамерлан жума күнү полиция менен атышууда окко учкан.

XS
SM
MD
LG