Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Милиция Ак үйгө барууга үндөгөн митингчини бошотту


Митинг жыйынтыкталгандан кийин аянтта тарабай тургандарды Ак үйгө барууга үндөгөн адам түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кайра бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Бул чара нааразылык акциясындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалганын кошумчалады.

Учурда аянтта милиция кызматкерлерин, ары-бери өтүп баратып кызыгып карап тургандардын жана митингчилерди кошкондо элүү чакты адам турат. Нааразылык акциянын уюштуруучулары үн чоңойткуч аппараттарын жыйнап, чогултуп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG