Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда 25-29-апрель күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

26-апрелде маал-маалы менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуулайт. Тоолуу аймактарда жол тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18 градус; Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18 градус; Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18 градус; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 градус.

Бишкекте 26-апрелде маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +7... +9, күндүз +16... +18 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG