Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Ташиев: мен саясий туткунмун


“Ата Журттун” депутаттарынын ишин Бишкек шаардык соту карай баштады.

2-майда Бишкек шаардык соту да “Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду камакта калтырды.
Ошол эле кезде депутаттар менен бирге айыпталып жаткан Камчыбек Ташиевдин үч жансакчысы - Бекзат Исаев, Каныбек Камчыбеков, Заирбек Кадырбаевди сот үй камагына чыгарды.

Прокурор: оор кылмыш жасаган камакта болот

Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маегинде бул саясий өңүттөгү соттук отурум болуп жаткандыктан, судья депутаттарды үй камагына бошотууга батына алган жок деген оюн билдирди.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө Бишкек шаардык сотун ишти калыс жана адилет кароого чакырып, айыпталып жаткандарды күнөөсүз деп эсептерин айтты.

- Мен эл шайлаган, элдин колдоосуна ээ болгон депутатмын. Мен кылмышкер эмесин. Мен бул жерде бүгүн саясий туткунмун. Биздин саясий туткун экенибизди соттор дагы бир жолу далилдеп жатасыздар.

Сотто ушундай эле ойлорун билдирген депутаттар Жапаров менен Мамытов да өз аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугун белгилешти.

Адвокаттар сотко өтүнүч келтирип жатып, айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө алардын депутат, коомдук ишмер экендигин, үй-бүлөлүк абалын, ден соолугун жана эч кайда качып кетпей тургандыктарын жүйө келтиришкен. Ошону менен бирге Биринчи май райондук сотунун өкүмү да алардын кылмышын жеңил деп айтууга далил боло аларын мисал кылышкан.

Бирок мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, үч депутатты, ошондой эле жансакчыларды да камакта кармоо зарыл. Алар муну тергөөдө жана сотто депутаттар баштаган адамдарга оор берене боюнча айып коюлуп жатканы менен түшүндүрдү.

- Булар тергөө тарабынан өзгөчө оор кылмыш кылды деп айыпталган. Райондук сот кылмышы далилденди деп тапкан. Булар өзгөчө оор берене менен соттолгон. Мыйзам боюнча, өзгөчө оор кылмыш болсо, камакка алынышы мүмкүн деп жазылып турат. Булардын кылмышы оор, кылмыш жоопкерчилигинен качып кетиши мүмкүн.

Биринчи Май райондук соту 29-мартта Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытовду жана Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыраткан болчу. Соттолуучу тарап апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Соттук териштирүүнү баштаган шаардык соттун үч судьядан турган коллегиясы эми иш боюнча жабырлануучуларды, айыпталуучуларды жана күбөлөрдү кайра башынан сурап чыгат.

Жансакчы өзү эмне дейт?

Ал эми депутат Ташиевдин үй камагына чыгарылган жан сакчыларынын бири Бекзат Исаевдин оюнча, ал 3-октябрда жансакчы катары өз милдетин так аткарган.

- Биз өзүбүздүн жанcакчы деген ишибизди аткардык. Ал бизге ишенип, өзүн бизге тапшыргандан кийин тосмону ашпай коё албайт болчубуз. Биз кандай кадамга барганыбызды билип жаттык. Биз саясаттын кызыкчылыгын көздөп эмес, тек гана биздин кайтаруудагы адамдын коопсуздугун сакташ үчүн бардык.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, парламенттеги фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытов, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев жана Ташиевдин үч жансакчысы былтыр 3-октябрда “бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган”, “конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган” деген айыптар менен камакка алынган.

Анда аталган депутаттар уюштурган Кумтөр кени боюнча митингдин катышуучулары Ак үйдүн короосуна кирүүгө аракеттенишкен эле. Бирок көп өтпөй Кубатбек Кожоналиев үй камагына чыгарылып, 29-мартта Биринчи Май райондук соту аны актаган болчу.

“Ата Журттун" депутаттары ошондон бери УКМКнын тергөө абагында камакта болсо, жансакчылар Бишкектеги №1 тергөө абагында отурушкан.

Бирок учурда Жапаров менен Мамытов ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынын ооруканасында дарыланып жатканы айтылды. Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун айтымында, депутаттын омурткасындагы дартка (грыжа) байланыштуу жакында операция болушу күтүлүүдө.

Депутаттардын иши Бишкек шаардык сотунда 16-майда улантылат.

XS
SM
MD
LG