Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Кумтөр: борпоң тектер жылып келатат


Кумтөрдө кенди иштетүүдөн кийинки металл аралашпаган тектер күнүнө метрлеп жылып, электр зымдарын жана административдик имараттарды басып калуу коркунучу жаралды.

Бул тууралуу Кумтөр кениндеги тектердин жылышын изилдөөгө киришкен комиссия айтууда. 2-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кениндеги металл аралашпаган тектин катмарынын жылышына байланыштуу жагдайды талкуулап, атайын комиссия түзүү тапшырмасын берген.

Президенттин тапшырмасынан кийин түзүлгөн өкмөттүк комиссия 3-майда шашылыш Кумтөр кенине барып, абал менен жеринен таанышты. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Сабыржан Атажанов кенде жүргөн жеринен “Азаттыкка” билдиргенине караганда, тектердин жылып келатканы аныкталган.

- Анчалык чоң коркунуч жок, бирок чыгымдар бар. Электр чордондорду, жашап жаткан үйлөрүн көчүрүү керек. Анткени акырындан көчкү басып келатат.

Алмазбек Атамбаев 2-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге комиссия тез арада кен иштетүүчү жердеги жагдайды изилдеп, металл аралашпаган породанын катмарынын жылышынын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген таасиринин деңгээлин аныктап, бул проблеманы чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизиши керектигин билдирген.

Президенттин басма сөз кызматынан кошумчалагандай, мамлекет башчы ошону менен бирге комиссия металл аралашпаган породанын катмарынын жылышына байланыштуу Centerra Gold компаниясынын иш аракеттерине да баа берүүгө тийиш экендигин айткан.

Айрым маалыматтарда металл аралашпаган тектин күнүнө 5 метрге чейин жылып жатканы байкалган. Таш, кум жана муз аралашкан борпоң тек өз кезегинде экологиялык кырсыкка алып келиши мүмкүн деп да болжошууда. Жумушчу комиссиянын башка бир мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева буларды айтты:

- Порода же тек деп, алтынды алгандан кийин калган таш-кумдар айтылат. Ал улам жылып жатат. Административдик имараттын башын басып калды. Ошон үчүн шашылыш аракеттер көрүлүп жатат.

Өндүрүшкө да, экологияга да зыяны канчалык?

Бирок айрым эксперттер Кумтөр кениндеги тектин жылышы күтүүсүз окуя эместигин, “Кумтөр оперейтинг компани” аны мурдатан изилдеп, тиешелүү чараларды көрүп келатканын айтууда. Улуттук илимдер академиясынын геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лаборатория башчысы Бектур Чукиндин айтымында, тектин жылышынын өндүрүшкө да, экологияга да чоң зыяны болбойт.

- Кумтөрдөгү материалдарга таянсак, ишкана бул кырдаалды мурдатан билген. Бир катар илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, кырдаал боюнча эсептөөлөр жүргөн. Бул чоң кырсыкка алып келбейт. Болгону айрым административдик имараттарды жылдырууга мажбур кылат. Ишенимдүү экологдордун айтымында, эч кандай экологиялык кырсыктар болбойт. Менимче, Кумтөр жана биздин өкмөт мүмкүн болушунча өндүрүштүн деңгээлин төмөндөтпөөгө аракет кылышат. Мен да өндүрүштү жайлата тургандай кандайдыр бир себепти көрбөй турам.

Кумтөр дүйнөдөгү ири кендердин бири. Кыргызстан аны иштетип жаткан Centerra Gold компаниясынын 33 пайыз акциясына ээлик кылат. Былтыр мамлекеттик комиссия кенди иликтеп чыгып, 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайра кароо сунушун билдирген. Аны парламент да колдоп, учурда өкмөт Centerra Gold менен келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бирок оппозициялык уюмдар келишимди тезинен бир тараптуу бузууга чакырып келишет.

Өкмөт түзгөн жумушчу комиссиянын катарында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев, Айлана чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы агенттигинин жетекчиси Сабыржан Атажанов, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Ишембай Чунуев, депутаттар жана экология, тоо-кен тармагы боюнча бир катар көз карандысыз эксперттер бар.

XS
SM
MD
LG