Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Бишкекте жол коопсуздугуна арналган жумалык өтөт


Ушул аптада Бишкекте БУУ жарыялаган жол коопсуздугунун глобалдык жумалыгы белгиленет. Анын алкагында “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси Бишкектин мэриясы жана жол коопсуздугу кызматы менен биргеликте 7-майда мектеп окуучуларынан куралган жаш инспекторлордун парадын өткөргөнү жатат. Парадда жаш инспекторлор шаардыктарды жол эрежесин сактоого чакырып, маалымат беришмекчи.

Кыргызстанда жылдан-жылга жол кырсыктарынын саны өскөнү байкалууда. 2012-жылы жол кырсыктарынын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйүп, андан 1050дөн ашык адам каза тапкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG