Орус оппозициясынын Болотная окуясынын бир жылдыгына карата Москвада уюштурган митинги тынч аяктады. Митингде сөз сүйлөгөн оппозиция өкүлдөрү "Болотная иши" боюнча күнөөлөнүп жаткан активисттердин бошотулушун талап кылышты.
Уюштуруучулар митингге он миңдеген адамдар катышканын айтышса, полиция 8 миң адам катышканы тууралуу маалымат таратты. Дал ушундай эле митинг Санк-Петербург жана Томск шаарларында да өттү. Москвадагы митингге даярдык көрүү учурунда үн күчөткүч кулап кетип, бир жумушчу каза таап, саясий иш-чара үзгүлтүккө учурап кала жаздады.
Бир жыл мурун президент Владимир Путиндин инаугурациясын утурлай уюштурулган жүрүштүн катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар болуп, жүздөгөн адам камакка алынган. Оппозиция полиция атайын чыр чыгаруу үчүн чагымчыларды жөнөткөн деп айыптап келет.