Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Пакистан: президент талапкердин уурдалышын айыптады


Пакистандын президенти Асиф Али Зардари мурдагы премьер-министр Юсуф Реза Гиланинин уулунун уурдалышын сындап, муну “коркок душмандын ыплас аракети” деп атады.

Прогрессивдүү Пакистан элдик партиясынын мүчөсү болгон Хайдер Гилани жергиликтүү кеңешке депутаттыкка аттанып жаткан. Аны бейшембиде, шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнүндө, Мултан шаарындагы митинг учурунда уурдашкан. Анда куралчандар Гиланинин жансакчыларынын бирин өлтүрүп, беш кишини жарадар кылган. Бул боюнча жоопкерчиликти эч ким ала элек. Президент Зардари согушкерлердин мындай кол салууларына тынчсызданып, шайлоону тынч өткөрүү үчүн өкмөттү чара көрүүгө чакырганын билдирди.

Пакистанда 11-майга белгиленген парламенттик шайлоону утурлай бомба чабуулдары, партиялардын кеңселерине кол салуулар күч алды. Апрелден бери эле шайлоого байланышкан кыянатчылыктардан өлкөдө жүздөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти талиптер алып жатат.

XS
SM
MD
LG