Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Улуттук китепканада окурмандар кадыр түн тосот


Бишкектеги Улуттук китепкана бүгүн түнү окурмандары үчүн “Китепканада кадыр түн” аттуу акция өткөрөт.

Бул тууралуу китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева кабарлады. Анын айтымында, акция окурмандарды китеп окууга чакырат жана аларга китепкана тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт. Бул түндө китепкананын бардык бөлүмдөрү иштеп, окурмандар каалаган китебин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле акциянын алкагында акын-жазуучулар менен жолугушуулар, адабий кече, маданий ишмерлердин концерти, китеп көргөзмөлөрү өтмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG