Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

“Хьюман Райтс Уочт” өзбек соттолуучунун коопсуздугун камсыздоого чакырды


Эл аралык укук коргоо уюму бүгүн тараткан билдирүүдө Ош облустук сотунда 15-майда өткөн жараянда бир нече аял соттолуучу Махамад Бизуруковго кол салып, аны көздөй бөтөлкө жана сумка ыргытышканы айтылат.

Билдирүүдө ошондой эле аялдар айыпталуучу сот залына алынып келингенде жана чыгарылганда ага жетиш үчүн судьяга кыйкырып, сакчыларды ургулашканы белгиленген.

“Хьюман Райтс Уочтун” пикиринде, мындай көрүнүштөр соттолуучунун адилет соттук териштирүүгө болгон укугуна олуттуу доо кетирүүдө.

Улутту боюнча өзбек Махамад Бизруков 2010-жылдын июнунда киши колдуу болгон Алмаз Аскаровдун өлүмүнө шектелип 2011-жылы кармалган. Анын иши боюнча буга чейин бир нече сот жараяны өткөн.

Жогорку сот быйыл февралда ишти областтык сотко кайра кароого жөнөткөн.

“Хьюман Райтс Уочт” Бизруковдун сотуна келген аялдардын аракетин “бейбаштык” деп атап, бийликти буга чейин да бир нече ирет кайталанган көрүнүштү токтотууга чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG