Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда 25-28-май күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5... +10, күндүз +11... +16 градус, Талас облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +11…+16 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +18 ...+23 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4... +9, күндүз +8... +13 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +9... +14 градус болот.

Бишкекте 26-майда маал-маалы менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +13…+15 градус болот.

XS
SM
MD
LG