Югославия падышасы Петр II Карагеоргиевичтин сөөгүн кайра көмүү жөрөлгөсү өттү. Падыша өзү 43 жыл мурда АКШда көз жумган. Тажияга Сербиянын президенти Томислав Николич менен премьер-министр Ивица Дачич да катышты. Югославиянын акыркы падышасы тактыга 11 жашында, анын атасы падыша Александр I киши колдуу болгондон кийин отурган. Ал экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда өлкөдөн чыгып кеткенге мажбур болгон. Эми анын сөөгү Белграддан алыс эмес жердеги Ыйык Георгий чиркөөсүнө коюлду.