Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Кытайдын куш тумоосу чыккан аймагынан келген тоок эти кармалды


Бажы кызматынын басма сөз борбору бүгүн билдиргендей, салмагы 24,6 миң тонна тоңдурулган тоок эти Кыргызстандын аймагына 22-майда алынып келинген. Документтер боюнча жүк Шаньдун провинциясындагы Гаоми шаарынан жөнөтүлгөн.

Шаньдун - Кытайдын куш тумоосу чыккан провинцияларынын бири.

Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү Кытайдан тоок этин импорттоого быйыл 8-майдан тарта убактылуу тыюу салган болчу. Кечээ Экономика министрлиги ишкерлер бул чечимге көңүл буруусу керектигин дагы бир жолу эскерткен.

Бажы кызматынын басма сөз борбору кошумчалагандай, Кытайдан келген тоок этинин Кыргызстандагы алуучусу “И” жоопкерчилиги чектелген коому жана жүк убактылуу сактоочу кампага киргизилди. (UE)

XS
SM
MD
LG