Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Чыналиев: Херсондо кыргыздарга эстелик тургузулат


Кыргызстандын Украинадагы элчиси У. Чыналиев (ортодо) Херсон обладминистрациясынын башчысы Н.М. Костяк(солдо) жана Херсон облкеңешинин төрагасы В. Г. Пелых менен Скадовскидеги форум учурунда. 16-май 2013
Кыргызстандын Украинадагы элчиси У. Чыналиев (ортодо) Херсон обладминистрациясынын башчысы Н.М. Костяк(солдо) жана Херсон облкеңешинин төрагасы В. Г. Пелых менен Скадовскидеги форум учурунда. 16-май 2013

Украинада Кыргызстанга инвестиция салууну каалаган ишкерлер барбы? Кыргызстандык жаштардын Украинанын ЖОЖдорунда билим алуу мүмкүнчүлүгү кандай?

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Толук жана ыйгам укуктуу элчиси Улугбек Чыналиев "Азаттыкка" берген интервьюда: эки мамлекет ортосундагы экономика, маданият жана билим берүү жаатындагы кызматташуу жана ал жакка мурдагы совет доорунда "кулак" деп айыпталып, жазыксыз айдалган кыргыздардын көрүстөндөрүн коргоо жана көрктөндүрүү аракеттери жөнүндө айтып берди.

“Азаттык”: Урматтуу элчи! Сиз 16-17-апрелде Херсон облусунун курорттуу жайы- Скадовскиде өткөн Эл аралык үчүнчү туристтик форумга катыштыңыз. Сиз “Херсон жери: Тавриянын экологиялык шартында дем алуу, дарылануу, саякат куруу” деп аталган бул жыйында Херсон облусу менен Кыргызстандын дубандары арасындагы туризм багытында кызматташуу боюнча сунуш жасаган экенсиз. Ошол сунушуңуздун мазмунун чечмелеп айтып берсеңиз?

Чыналиев: Скадовск шаарчасындагы Эл аралык үчүнчү туристтик форумга Украинанын региондору, ошондой эле Эстония, Кувейт, Орусия, Беларус жана Кыргызстандын элчилиги катышты. Форумда Херсон облусундагы санаториялар менен курорттордогу дарылоонун түрлөрү, экология туризми, анын ичинде жөө жана ат минип кыдыруу боюнча маршруттар кенен сунуш кылынды. Херсон облусу менен туризм тармагындагы кызматташуу боюнча өз сунушубузду Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрлигине жолдодук. Мен эл аралык жыйында Ысык-Көл гана эмес, башка да облустарыбыздын экстремалдык туризм, өзгөчө, Кыргызстандагы 7 миң метрлик чокуларга чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеңири айтып бердим. Азыр бизде Одесса облусу менен келишим бар. Ага ылайык, 20дан ашуун украиналык альпинист Чоң Алай районундагы "Ачык таш" базасына барып, андан ары Ленин чокусуна чыкканга катышат. Бул база Ленин чокусунун этегинде жайгашкан. Херсон облусундагыдай форумду биз да Бишкекте, Ысык-Көлдө, Ошто жана башка жерлерде уюштурсак болот.

“Азаттык”: Совет доорунда көптөгөн кыргызстандык улан-кыздар Киев, Одесса, Харьков, Хмельницкий жана башка шаарлардын жогорку окуу жайларында окушкан. Бүгүн Кыргызстан менен Украина ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуунун абалы кандай?

Чыналиев: Азыр Украинада кыргызстандык 18 студент окуйт. Алар Одесса, Киев жана Харьковдо окушат. Бул өтө аз. Совет заманында жана андан кийин 2007-жылга чейин көп эле улан-кыздарыбыз Украинанын жогорку окуу жайларында билим алышкан. Бирок, Украинада студенттерди окутуу боюнча өкмөттөр аралык келишим эки-үч жыл мурда иштебей калган. Биз азыр (мен Украинага элчи болуп өткөн жылы келдим) Билим берүү тармагындагы өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдап бүттүк. Анда кыргызстандык отуздан ашуун улан-кызды бюджеттик негизде Украинада окутуп берүү каралган. Бул документти даярдоого эки жак тең катышты. Ага Соода-экономикалык жана маданий, илимий байланыштар боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын июль айынын баш ченинде Киевде болот деп мерчемделген жыйынында кол коюлат деп боолгоп турабыз.

“Азаттык”: Эгер бул келишимге кол коюлса, кыргызстандык улан-кыздар сентябрь айынан тарта Украинанын университеттеринде окуй баштайбы?

Чыналиев: Эгер келишимге июлда кол коюлса, сентябрга чейин убакыт аз калат. Анткен менен, сентябрда жаштарыбыз окуй баштайт деп үмүт кылалы. Сөз болуп жаткан келишимде Кыргызстан үчүн аябай маанилүү инженердик кесиптик- авиакаттамдарды тейлөө боюнча жогорку билимдүү адистерди окутуу каралганын белгилей кетмекчимин. Украинада совет мезгилинде жана андан кийин авиация боюнча адистер Кыргызстандан көп окуган. Азыр абал жакшы эмес. Биз бул абалды оңдошубуз керек.

“Азаттык”: Украина экономикалык кубаты жагынан постсоветтик аймакта Орусиядан кийинки чоң өлкө. Азыр Кыргызстанда украин момпосуйларынан өткөн белгилүү товар жок. Ушу тапта эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык байланыш кандай өнүгүүдө?

Кыргыз элчисин Виноградово кыштагында (Цюрипинск району) украин салты боюнча тосуп алышууда. Херсон облусу. 17-май 2013
Кыргыз элчисин Виноградово кыштагында (Цюрипинск району) украин салты боюнча тосуп алышууда. Херсон облусу. 17-май 2013
Чыналиев: Украина Кыргызстанга товар экспорттоо боюнча бешинчи орунда турат. Кыргызстанга Украинадан негизинен кондитердик даам-татымдар, анын ичинде шоколад-момпосуйлар экспорттолот. Ошондой эле энергетикалык ишканаларда колдонулчу түрдүү жабдуу-тетиктер, трансформаторлор да ташылат. 2012-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 140 миллион доллардан көп сумманы түздү. Бул 2011-жылга салыштырганда 16, 4 млн. долларга көп. Өсүш бар. Биз Украинага тери, анча-мынча пахта, кээ бир жабдууларды, атап айтканда, мурдагы "Кыргызавтомаш" бирикмеси чыгарган радиаторлорду сатабыз. Тилекке каршы, соода балансы биздин пайдага эмес.

“Азаттык”: Урматтуу элчи, болочоктуу же украин тарапты өзгөчө кызыктырган приоритеттүү багыттарды атай кетсеңиз?

Чыналиев: Биздин энергетика секторубуздун тышкы инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүгү аябай чоң. Украиналык инвесторлорду да орусиялыктар сыяктуу эле ГЭСтердин курулушу өзгөчө кызыктырат. Совет заманында Нарын дарыясында 26 ГЭС куруу жөнүндө техникалык-экономикалык негиздер даярдалып, жети ГЭС курулган. Азыр Камбар - Ата 1 жана 2, ошондой эле Жогорку Нарында төрт орто өлчөмдөгү ГЭС куруу мерчемделүүдө. Дал ушул багыт Украина менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн абдан болочоктуу. Андан тышкары Кытайдан Кыргызстанга келген продукцияларды кайра иштетип, эгер Евробиримдиктин товарлары менен атаандаша алса, аларды Украинага реэкспорттоо мүмкүнчүлүгүн да кылдат изилдеп көрүүбүз керек.

“Азаттык”: Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыккан украиналык ишкерлер барбы?

Чыналиев: Андай кызыгуу бар. Андай бир долбоор иштеп жатат. Ивано-Франковск облусунун инвесторлору Кумтөрдө эски резина дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод курушкан. Жыйырма жылда Кумтөрдө эски дөңгөлөктөр абдан көп чогулуп калган экен. Аларды кайра иштетүүдөн автожолдорду курганга керектелчү жана күйүүчү-майлоочу материал алынчу чакыч (смола) бөлүп алынат. Алтын кендерин иштетүү боюнча да сунуш бар.

“Азаттык”: Урматтуу элчи, совет заманында кыргыз маданиятынын күндөрү Украинада өткөнү маалым. Азыр маданий кызматташуунун абалы кандай болууда?

Кыргыз элчиси У. Чыналиев Чаплинск районунун акими В. Бериславский, райкеңештин төрагасы Н. Самойлов жана Крестов кыштак өкмөтүнүн башчысы С. Хильченко менен кулак деп сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн айдоо жердин четинде. 17-май 2013
Кыргыз элчиси У. Чыналиев Чаплинск районунун акими В. Бериславский, райкеңештин төрагасы Н. Самойлов жана Крестов кыштак өкмөтүнүн башчысы С. Хильченко менен кулак деп сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн айдоо жердин четинде. 17-май 2013
Элчи: Биз өткөн жылдын аягында Украинанын Улуттук адабият музейинде кыргыз жазуучуларынын чыгармаларына, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган чоң кече өткөрдүк. Салтанатта атактуу украин акыны Борис Олейник сүйлөп: “Адамзатка Чыңгыз Айтматовду белек кылганы үчүн Кыргыз элине таазим этем”,-деди. Ноябрда Кыргызстанга арналган жалпы украиналык көркөм сүрөт көргөзмөсүн өткөрөлү деп сүйлөштүк. Андай протоколго Искусство академиясынын президенти, Украинанын эл сүрөтчүсү Андрей Чебыкин менен жакында кол койдук. Подольедеги Киев академиялык драма театры (Киев шаарында) Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестин сахналаштыруунун сценарийин жазышты. Азыр театр менен элчилик чогуу айтылган орток долбоордун үстүнөн иштешүүдө. Бул Чыңгыз Айтматовдун экс-советтик Украинада коюлган биринчи чыгармасы болот. Мындай кызматташуу болочокто дагы кеңейе берет.

“Азаттык”: Сиз Херсон облусуна барган учурда 1930-жылдары Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар жашаган жерлерде болуп, алардын көрүстөнүнө барып, зыярат да кылыптырсыз. Ошол көрүстөндөрдү коргоо боюнча жергиликтүү бийликтер менен эмне деп сүйлөшүлдү?

Чыналиев: Мен 1930-жылдары кулакка тартылып, Украинага айдалып келген кыргыздар жашаган Чаплинск районунда болдум. Кыргыздар райондун бир бөлүмүндө жашаган экен. Ал жердеги кыргыздар көмүлгөн мазар азыр айдоо жерге айланыптыр. Мен ал жерде маркумдарга арнап куран окудум. Райондун жетекчилери менен кеңешип, ошол айдоо жердин четине Сталиндик репрессияда курман болгон кыргыздарга арнап, эстелик (обелиск) орнотолу деп макулдаштык. Андан тышкары Чаплинкада 1930-жылдары Украинадагы ачкачылыкта курман болгондорго эстелик тургузулган экен. Ал жерге да сүргүн кыргыздары жөнүндө эскерткич тургузалы деп сүйлөшүлдү. Цюрипинск районундагы Виноградово кыштагындагы кыргыздардын көрүстөнүн да барып көрдүм. Жергиликтүү бийликтер менен көрүстөндү тосолу, эстелик орнотолу деп сүйлөштүк. Бул, албетте, бир топ эмгекти жана каражатты талап кылат. Анткен менен, бул ишти бүткөрүшүбүз керек.

“Азаттык”: Урматтуу элчи, маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG