Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Борис Немцов: Сочиге берилген акчанын көп бөлүгү “сол жакка” кеткен


Орус оппозиционери кийинки жылы Сочиде боло турган Кышкы олимпиадага бөлүнгөн миллиарддаган доллар уурдалганын айтат. Анын бейшембиде жарык көргөн докладында олимпиадалык курулушка сарпталган жалпы 51 млрд. доллардын 30 млрд. долларга жакыны кайда кеткени белгисиз.

Оппозиционер акчанын баары чиновниктер жана ишкерлер тарабынан уурдалды деп эсептейт. Ал ошондой эле бул боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.

Сочидеги олимпиадалык курулушка Борбор Азиядан барган мигранттар чегерилгенин, аларга айлык акылары берилбей жатканын мурдараак "Хьюман райтс уотч" уюму билдирген эле.

Орусиянын Сочи курорттук аймагында 2014-жылы Кышкы олимпиада оюндары болот.

XS
SM
MD
LG