Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Жети-Өгүздүн акими коё берилди


Жети-Өгүздүн акими Жаныбек Дүйшөмбиев бошотулду. Бул тууралуу Көлдөгү кабарчыбыз айтууда.

Акимди митингчилер өз унаасына салып Тамга айылына алып бараткан. Алар бүгүн түнү кармалган жүздөй митингчини бошотууну талап кылууда.

Кумтөр ишканасына каршы миңдей митингчи кечээ Тамга айылына келип, компаниянын подстанциясын өчүрүп салган. Окуя учурунда милиция жаалданган элге туруштук бере албай калган.

Соңку маалымат боюнча, электрди өчүрдү делген жүздөй кишини тартип коргоо органдары подстанциянын аймагынан чыгарбай кармап турат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG