Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Барак Обама Кейптаун университетинин студенттери менен жолукту


Түштүк Африка республикасына иш сапарга барган АКШ президенти Барак Обама жекшемби күнү Кейптаун университетинин студенттери менен жолукту. Обама жеке өзүнүн саясый ишмер катары калыптануусуна бул өлкөнүн адам укугу үчүн күрөшкөн чыгаан инсандарынын тийгизген таасирин баса белгиледи.

Ага чейин АКШ президенти үй-бүлөсү менен Роббенэйланд аралчасына барып келди. Бул аралда жайгашкан түрмөдө Түштүк Африканын мурдагы президенти, белгилүү укук коргоочу Нелсон Мандела жаткан. Камактагы жалпы 27 жылдын 18ин ал ушул жерде өткөргөн. Азыр Мандела 94 жашта. Апартеидге каршы күрөшүп келген ардагер укук коргоочу Нобел сыйлыгын алган. Учурда ал ооруканада жатат. Дарыгерлердин айтымында, абалы оор. (RK)

XS
SM
MD
LG