Президент Мохаммад Мурсиге саясий кризисти жөнгөрүүгө берилген мөөнөт жакындаган сайын Египетте саясий кырдаал улам курчуп жатат.
Армия Мурсиге оппозиция менен мунасага келүүгө берген мөөнөт эки жарым сааттан кийин Бишкек убактысы боюнча 20.30да аяктайт.
Жер-жерлерде миллиондордун Мурсинин кетишин талап кылган нааразылык акциялары уланууда. Өткөн түнү Мурсинин колдоочулары менен анын атаандаштарынын ортосундагы кагылыштарда аз дегенде 23 кишинин өмүрү кыйылды.