Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Египет: аскерий жетекчилик Мурсинин бийлигин токтотту


Египеттин армиясы президент Мухаммед Мурсинин бийлигин токтотуп, чукул шайлоо жарыялады

Өлкөнүн коргоо министри Абдел Фаттих Сиси сыналгы аркылуу калкка кайрылып, президенттик шайлоого чейин жарлыктарды Конституциялык сот төрагасы чыгарарын, ал эми өлкөнү башкаруу милдетин убактылуу техникалык өкмөт аларын жарыялады. Ошондой эле исламчыл-депутаттар кабыл алды деп сындалып келген Башмыйзам күчүн жоготконун да кабарлады.

Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында Мухаммед Мурси өлкөдөгү абалды “аскерий төңкөрүш” деп атады. Ал өз тарапташтарын “бул төңкөрүшкө” жооп кайтарбай турууга чакырды. Учурда Мурсинин кайда экени белгисиз. Анын жардамчысы Associated Press агенттигине белгисиз тарапка чыгып кеткенин кабарлаган. "Мусулман агайындар" кыймылына тиешелүү телеканал өз берүүлөрүн токтотту.
Айрым эл аралык маалымат каражаттары “Мусулман агайындар” кыймылына шилтеме берип, Мурсинин кармалып, үй камагына алынганын маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG